Бишкекте эки имарат күйүп кетти

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүндөгү аянты 500 чарчы метрлик эки кабаттуу эки имараттагы өрт саат 20:50дө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Биринчи Май районуна караштуу өрткө каршы бөлүктөрдөн 2 күжүрмөн эсеп жана 1 суу ташуучу унаа тартылган. Кырсыктын кесепетинен имараттын 1-кабатындагы ашкана жана 2-кабаттагы тигүү цехинин кийим тигүүчү 9 машина өрттөнгөн. Ал эми коңшу имараттын экинчи кабатындагы тигүү цехинин 14 машинасы кошо күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.