Бишкекте эки жеңил унаа өрттөнүп кетти (сүрөт)

Бишкектин Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя болгон жерге бир өрт өчүрүү унаасы чыгып, саат 15:49да өрттү чектөөгө алган.

Учурда өрттү толук өчүрүү боюнча иштер жүрүүдө.