Бишкекте эки жигит уруша кетип, бирине бычак сайылган

Бишкекте милиция тарабынан бычак саюуга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-сентябрда болжол манен таңкы 04:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 4-шаардык ооруканага бычактан жаракат алган жаран жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жабырлануучу маалымат берип, ошол күнү ал шектүү менен уруша кеткенин, кесепетинен бычактан жаракат алганын айткан. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1996-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.