Эки күндүн ичинде эки жолу мас абалда унаа башкарган айдоочу кармалды.
2025-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын кайгуул кызматкерлери мас абалда унаа айдап жүргөн айдоочуну кармашты. Айдоочу мас экени наркология борборунун адистери тарабынан тастыкталган.
Текшерүү учурунда айдоочу өзүн адекваттуу эмес алып жүрүп, инспектордон улам-улам: «Сен кайсы жылы төрөлгөнсүң?» — деп сураган.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, дал ошол эле айдоочу бир күн мурун — 3-декабрда да ушундай эле тартип бузууга жол берген. Анда да ал кызматкерлер тарабынан мас абалында унаа башкарганы үчүн токтотулган.
Ошентип, жаран эки күн катары менен бир эле укук бузуу үчүн эки жолу кармалды.