Бишкекте эки маршруттук такси сүзүшүп, жол кырсыгынан жабыркагандар бар

Бүгүн, 26-январда саат 12:30 чамасында Элебесов жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки маршруттук такси сүзүшүп, жол кырсыгынан дагы бир жеңил унаа жабыркаган.

Болжолдуу түрдө №193 маршруттук линиянын унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып, №130 маршруттук линиянын унаасын сүзгөн. Жол кырсыгы катталган жерде Патрулдук кызматтын инспекторлору иш алып барышууда. Тез жардам кызматынан жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны такталып жатканын билдиришти.