Бишкекте эки милиция кызматкери ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерин сабап салган

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан айрым милиция кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерине каршылык көрсөтүп, анын денесине залакат келтирген фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

19-апрелде Бишкек шаарында ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан милиция кызматкерлери С.И. жана Э.К. текшерүү максатында токтотушкан. Текшерүү учурунда, алар мас абалда унааны башкарып жаткандыгынан күмөн санашып, спирт ичимдигин колдонуу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү үчүн Республикалык психиатрия жана наркология борборунун бөлүмүнө жеткирилген. Бирок С.И. жана Э.К. аталган борбордун имаратынын алдында, күбөлөндүрүү жүргүзүүдөн баш тартып, ИИМдин кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, жерде жаткан таш менен А.Ж. аттуу милиция кызматкерин уруп, анын башына жана денесине залал келтиришкен.

Аталган факты боюнча, райондук прокуратура тарабынан ИИМдин кызмат адамдарынын аракетине карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына тапшырылды.