Бишкекте эки өспүрүмдү коркутуп, телефонун тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

23-декабрь күнү Алтын-Казык жаңы конушунун 4-көчөсүнөн эки өспүрүм балдарды белгисиз жаран учтуу буюм менен коркутуп, Самсунг телефонун тартып алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.