Бишкекте эки унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 20-апрелде саат 09:00 чамасында Ауди С4 үлгүсүндөгү унаа Баба-Ата көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Иманкулов көчөсүнүн кесилишинен БМВ Х7 үлгүсүндөгу унаа менен сузүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркаган. Азыркы учурда унаалардын айдоочуларынын аты-жөнү аныкталып, жол кырсыгы катталган жерде Милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.