Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза болгону айтылды (видео)

Кечээ, 27-февралда Бишкектин Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит жана Хонда Стрим үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Окуянын кесепетинен беш адам жабыркап, экөө каза болгон. Бул тууралуу Тез жардам борборунун бейрасмий баракчасында маалымдалды.

«Кырсыктын кесепетинен Honda Stream унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде, Honda Fit унаасынын айдоочусу ооруканада каза болгон. Калган жабырлануучулар ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерде 6 Тез жардам бригадасы иштеген», — деп айтылат маалыматта.