Бишкекте элчиликтин унаасы жөө адамды сүзүп кетти. Жабырлануучунун мас абалында экени айтылууда

Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт жарыялашып, элчиликтин унаасы жөө адамды сүзүп кеткенин жазып чыгышты. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти.

«Саат 15:10 чамасында элчиликтин унаасы Жибек-Жолу көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, Жаш Гвардия бульвары менен кесилишкен жеринен жолго чыга калган жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жөө жүргүнчү мас абалында экендиги айтылууда. Азыркы учурда жөө жүргүнчүнү спирт ичимдигин текшерүү үчүн наркология бөлүмүнө алып кетишти. Ал эми жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматы иш алып барууда», — дешти милициядан.