Бишкекте эмерек чыгаруучу цех өрттөндү. Жабыркагандар жок

Кечээ, 19-ноябрда Бишкектин Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмерек чыгаруучу цех жана анын жанында жайгашкан 2 ангар ичиндеги станоктор, жыгач тактайлар, кездемелер өрттөнгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн. Ири өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.