Бишкекте эне менен кызынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. «Эже спирт ичимдигин иччү эмес» дейт кошунасы

Кечээ, 12-майда болжол менен саат 11:25 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлгөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан алардын 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар экени аныкталган.

Киши колдуу болгон эки жаран кызы менен энеси экендиги жана кыз өлтүрүлөрдүн алдында зордукталганы айтылган. Мындан тышкары, алардын спирт ичимдиктерин көп колдонушарын жазып чыгышкан.

Ал эми маркумдун кошунасы буларга токтолду. «Бул эже аябай жакшы эже болчу. Жаңылыктардан эженин спирт ичимдиктерин ичет экен деп жазып жатышат. Негизи андай эмес. Өзүн жакшы алып жүрчү. Бул жакка келип, соода кылчу. Ал эми кызын аябай ичет деп айталбайм. Бирок иччү. Бизге келип, тамеки алып турар эле. Бул окуяны мага апам чалып айтты. Мен аябай эжеге кайгырдым. Аябай жакшы эже болчу», — деди ал.