Бишкекте эне менен кызын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды

11-майда Бишкектеги Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне менен кызынын жансыз денеси табылган. Эки адамдын өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-майда жогоруда айтылган кылмышка шектүү кармалган. Ал борбордун 16 жаштагы тургуну болуп чыккан. Бирок өспүрүм өз жашынан кыйла улуу көрүнөт.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 31 жаштагы кыз 16 жаштагы өспүрүм менен таанышып, өспүрүмдү үйүнө алып келген учурда 60 жаштагы аял уйкудан ойгонуп, чоочун адамдын үйдө жүрүшүнө каршы болгон. Аял кыйкырып, өспүрүмгө кол сала баштаган. Өспүрүм ашканадагы бычакты алып, аялды сайып, андан кийин 31 жаштагы аял кишини сайган. Андан кийин ал кылмыш болгон жерден качып кеткени аныкталган.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өлтүрүлгөн эки аял киши — кызы жана энеси. Ошондой эле 31 жаштагы кыздын өлтүрүлөрдүн алдында зордукталганы айтылган.