Бишкекте эне менен кызынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Кылмышка шектүү өспүрүм буга чейин соттолгон

11-майда Бишкектеги Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне менен кызынын жансыз денеси табылган. Эки адамдын өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалып, кылган ишин мойнуна алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-майда Свердлов РИИБ менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жогоруда айтылган кылмышка шектелип буга чейин соттолгон 2005-жылы туулган жаран кармалды. Ал Ысык-Көл облусунун тургуну. Кармалган шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сурак учурунда ал кылган ишин мойнуна алып, далилдерди өткөрүп берген. Далилдер сотко чейинки өндүрүшкө тиркелди.

Мындан тышкары, анын 2018-жылдан бери Токмок шаарында жашап жүргөндүгү аныкталган.