Бишкекте эркек киши 8-кабаттан боюн таштоого аракет кылды (видео)

Бүгүн, 6-август күнү Бишкек шаарынын Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан эркек киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, жаранды куткарып калышты. Аталган жаран ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.