Бишкекте эркек киши 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылды

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен 1990-жылы туулган жаран секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап кала алышкан. Такталган маалыматка ылайык, жаран эч кандай жаракат алган эмес.