Бишкекте эркек киши бычакталды. Милиция шектүүнү издеп жатат

18-июнда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги 7-кичи райондогу үйлөрдүн алдында эркек киши бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. 1983-жылы туулган жарандын жаракат алганы аныкталып, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлердин жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.