Бишкекте эркек киши электр мамысына асынган абалда табылды

Бишкекте эркек киши өз жанын кыйганын Свердлов РИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 23-июль күнү таңкы 9:30 чамасында милицияга Коллективная көчөсүндөгү электр мамылардын биринде адам асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. Алар маркумдун 1979-жылы туулган жаран экендигин аныкташкан. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.