Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 10-июнда саат 20:00 чамасында 2019-жылы туулган кызы менен Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйдүн жер төлөсүндө отурган жаранга чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн жашы жете элек кызга бардык зарыл экспертизалар дайындалып, квалификациялуу психологдор тартылган.
Топтолгон материалдардын жана эксперттик корутундунун жыйынтыгы боюнча күнөөлүү тараптарга акыркы юридикалык баа берилет.