Бишкекте эркек киши уруп-сабоодон каза болгон. Шектүү кармалды

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан денеге келтирилген оор жаракаттын натыйжасында адам өлүмүнө алып келген шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

4-сентябрь күнү «102» кызматына саат 09:35 чамасында Бишкек шаарынын Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 1972-жылы туулган жаран белгисиз адамдар тарабынан сабалып, ооруканада көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда маалымат такталып, 1972-жылы туулган жаран каза болгондугу аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран анакталып кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.