Бишкекте эркек киши өлтүрүлгөн. Милиция маркумдун атын тактоого жардам сурайт

Милиция адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

2022-жылдын 1-августунда Панфилов көчөсүндөгү таштанды челектердин жанындагы чатырдын астынан күч колдонуу менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, спирт ичимдигин ичип отуруп, 1991-жылы туулган жаран 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз адамды бычактап, ал ошол жерден каза болгону аныкталган. Шектүү кармалып, камакка алынган. Ал эми маркумдун аты-жөнү такталбай жатат.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык, чачы кара, көзү күрөң. Жынсы менен футболка кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, 0 (704)-102-702, 0 (312)-54-32-48 номурларына чалсаңар болот.