Бишкекте эркек кишинин 2 баштык аялдардын ич кийимин уурдап чыкканы видеого түшүп калган

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

24-февралда жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 11-февраль күнү белгисиз адам Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун ичинен 93 миң сомду түзгөн товарын — аялдардын ич кийимин уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилди. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги такталууда. Тергөө иштери уланууда.