Бишкекте эркек киши таанышы тарабынан зордукталганын билдирген. Шектүү кармалды

Бишкек шаарынын тургуну таанышы тарабынан зордукталганын билдирген. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти. 

Маалыматка караганда, 17-январда Ибраимов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде таанышы тарабынан зордукталганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.