Бишкекте эркек кишини бычактап өлтүрүүгө шектелип аял кармалды

23-май күнү кечки саат 19:26да Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына «Пишпек» ресторанынын жанында эркек кишини бычактап кетишкени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу милиция кызматынан билдиришти.

Чакырылган жерге милиция кызматкерлери барган учурда киши колдуу болгон 50-55 жаштагы эркектин жансыз денеси табылган. Тиешелүү факты «киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, экспертиза дайындалган. Маркумдун 1974-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну экени, анын Бишкекте туруктуу жашаган жери жок болгону да аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектелип 1973-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды. Ал буга чейин бир канча жолу соттолгон. Шектүү аял бычакты кайсы жерге таштап салганын да көрсөткөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.