Бишкекте туристтик фирманын ээлери эс алууга жиберем деп жарандардын 35 миң доллар алып, убадасын аткарбай койгон. Алдамчылыкка шектүүлөрдүн кармалганын Биринчи май РИИБден кабарлашты.
«13-январь күнү Биринчи май РИИБге жаран арыз менен кайрылып, «Туран туризм» фирмасынын ээлерине чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, чет өлкөгө эс алууга жиберебиз деген шылтоо менен 105 миң 420 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алышкан. Андан кийин убадаларын аткарбай коюшкан», — деп жазылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда болжол менен келтирилген чыгымдын суммасы 35 миң долларга жетти.