Бишкекте гаражда Lexus 570 унаасы өрттөнүп кетти (сүрөт)

Кечээ, 28-декабрь күнү Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан гаражда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Октябрь райондук №5 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу темир менен жабылган жалпы аянты 25 чарчы метр болгон гараж жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.