Бишкекте гашиш менен милиция кызматкери кармалды (видео)

Ири өлчөмдөгү гашиш баңги заты менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин жетекчилигинин көрсөтмөсүнүн негизинде 11-февраль күнү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна терс таасирин тийгизген жана ар-намысына шек келтирген милиция кызматкерлерин аныктоо максатында атайын иш-чара жүргүзүлгөн. Ички иликтөө кызматы менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалган 4 жаранды тинтүү жүргүзүүдө алардан өзгөчө ири өлчөмдөгү гашиш баңги каражаттары алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын биринин жанында Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул күзөтү полкунун милиционери кызматында экендигин тастыктаган милициянын сержанты наамындагы күбөлүгү алынган. Кармалган А уулу Т., Ж.Ы. соттун санкциясына ылайык Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын 21-мекемесине киргизилди.