Кечээ, 4-июлда Суворов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 15:24тө өрт чектөөгө алынып, саат 16:44тө толук өчүрүлгөн. «Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 190 чарчы метр турак үй жана дүкөн толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерде бир газ баллон жарылган, жабыркагандар катталган жок», — деп айтылат маалыматта.