Бишкекте «Hard Skill» компаниясынын жетекчиси кармалды. Ал алдамчылыкка шектелип жатат

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, «Hard Skill» компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган жаран жабырлануучулардын ишенимине кирип, акча алып, из жашырууга шектелип жатат. Шектүү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.