Бишкектеги мейманканалардын биринин залында «Кришна аң-сезим коому» же «Харе Кришна кыймылы» деп да аталган сектанын функционерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарында аталган сектанын мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын 300гө жакын жаранынын катышуусу менен конференция уюштурулган. Катышуу үчүн билеттер 1000 сомдон 3000 сомго чейин сатылган. Ал эми катышуучулардын көпчүлүгү уюштуруучулардын диний сектага катышы жана иш-чаранын диний мүнөзү тууралуу кабардар болгон эмес.
«Жергиликтүү сектанын жолдоочулары чет өлкөлүк миссионерди тартуу менен, коммерциялык сессияларды (өзүн-өзү тазалоо, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча психологиялык курстар) жамынып иш-чараларды мезгил-мезгили менен уюштуруп турушкандыгы аныкталды. Иш-чаралардын жүрүшүндө сунуш жана манипуляция катары психологиялык таасир этүү ыкмалары, ошондой эле жеке («жаппа») жана жамааттык («киртан») түрдө медитация, мантрларды ырдоо жана жашыруун диний ырым-жырымдар активдүү колдонулган», — деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштуруучуларга карата 120 миң сом айып пул салынды.