Бишкекте И.Раззаков атындагы университеттин эки окутуучусу коррупцияга шектелүүдө

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) эки окутуусу коррупцияга шектелип кармалып, кылмыш иши козголду. Алар чет жакта жүргөн студенттерге экзамендик бааларды акчага коюп келишкен деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«КМТУнун айрым окутуучулары финансылык пайда табуу максатында окуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамендик журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга тиешелүү бааларды коюп беришкен», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ден эч жакка кетпөө жөнүндө колкат алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.