Кечээ, 12-февралда УКМКнын жана Чүй ОИИББнын кызматкерлери биргеликте экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга тиешеси бар делген шектүүлөрдү кармады. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-февралда милиция кызматкерлери интернет тармактарында «Несомненное» аттуу баракча аркылуу экстремисттик көз карашты камтыган жана ошондой эле Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Йакын-Инкар» уюмуна тиешелүү видеоролик аныкталган. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, жарыяланган видероликте экстремисттик көз карашты камтыган чакырыктар бар экени такталган. Видеоролик «Йакын-Инкар» уюмуна таандык экендиги аныкталган. Аталган факт Москва РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга тиешеси бар 1983-жылы туулган К.Б., 1971-жылы туулган К.Б., 1978-жылы туулган С.К., 1983-жылы туулган Р.А. аттуу жарандарды аныкталган. Кылмыш иши боюнча жогоруда аталган адамдардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, иш боюнча далил заттар алынган. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.