Бишкекте ижарага унаа алып, кийин аны сатып жиберүүгө шектелген жаран кармалды (сүрөт)

Бишкекте ижарага унаа алып, кийин аны сатып жиберүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымат боюнча, 30-майда милиция кызматкерлерине Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын ижарага алган адам алдап кеткени боюнча арыз жазган. Анын айтымында, унаасын таксист болуп убактылуу иштөө үчүн алып кетип, алдап кеткен. Тагыраагы ал унааны башка адамдарга сатып жиберип, 340 миң сомду жеке муктаждыктарына жумшаган. Факты каттоого алынып, «алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ага шектүү катары 39 жаштагы жаран кармалды. Шектүүгө карата Октябрь райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал эми унаа айып аянтчасына киргизилген.