Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну А.А. арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, 30-январда саат 18:00 чамасында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар анын чөнтөгүнөн «iPhone 17 Pro Max» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин кызматкерлери Талас облусунун аймагында шектүүнү аныктап, кармашты. Ал А.Б. аттуу жаран экени белгилүү болду. Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгону жана борбор калаанын милициясынын Кылмыш иликтөө башкармалыгында чөнтөк уурулукту жасоочу катары каттоодо турганы аныкталды. Шектүү Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы да аныкталды.
Жарандарга кайрылуу:
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун эл көп топтолгон жайларда жеке коопсуздук чараларын сактоого, жеке буюмдарына этият болууга жана баалуу нерселерди көзөмөлсүз калтырбоого чакырат. Чөнтөк уурдоо же башка мыйзамсыз аракеттерди байкасаңыздар, дароо ички иштер органдарына 102 телефону аркылуу кабарлоону суранабыз.