Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне 1954-жылы туулган Р.Л., аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.
Арыздануучунун айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, «мүлктү коргоо жана терроризмге каршы иш-чараларды каржылоо максатында» акча каражаттарын которуу зарылдыгына ишендиришкен.
Жабырлануучу алдамчыларга ишенип, батирин сатып, түшкөн акчаны, өзгөчө ири суммадагы ар кандай банктык эсептерге — жалпысынан 18 банкка — которгон. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында Р.Л айымга өзгөчө ири материалдык чыгым келтирилген.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, «дропперлер» аныкталган. Алар 2009-жылы туулган Ж.Д., 2006-жылы туулган О.Б., 1995-жылы туулган С.Д., 2007-жылы туулган О.В., 2007-жылы туулган К.А. жана 2007-жылы туулган Ж.А. жарандар кармалган.