Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиршти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы 11-августта Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, 2019-жылдын февраль айында шектүү республиканын түштүгүнөн балатыларды алып келип берем деп убада кылып, жабырлануучудан 750 миң сом жана 1 миң доллар алган. Акчаны алган соң шектүү из жашырып кеткен.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектелип 42 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.