Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү кармалды

Ири алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин борбор калаанын тургуну милицияга алдамчылык жолу менен мүлкүн алдыртып жиберген фактысы боюнча арыз жазган. 2021-жылы ага бир жаран унаа алмаштыруу сунушу менен кайрылган. Пайда табасың деген кооз убада берип, ишенимге кирген жаран баасы 18 миң доллар турган БМВ Х6 үлгүсүндөгү унааны алдоо жолу менен ээлеп алган. Андан кийин унааны башка адамдарга сатып жиберген. Айткан убадаларына ишенип, жабырлануучу дагы эки жыл күтүп, андан кийин гана укук коргоо органдарына кайрылган. Аталган факты боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алдамчылык аракеттерине тиешеси бар деген шек менен мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалган.

Кармалган жаран сот тарабынан камакка алынды. БМВ Х6 унаасы унаа токтотуучу жайга коюлду. Тергөө иштери жүрүп жатат.