Бишкекте 24 миң долларлык унааны алып, из жашырган шектүү кармалды

Бишкекте ишенимге кирип, 24 миң долларлык унаасын алып, изин жашырган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 4-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 12-сентябрь күнү жабырлануучуну алдап, ишенимине кирип, баасы 24 миң АКШ доллар болгон Retour X 70 plus унаасын сатып алам деген шылтоо менен убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1980-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.