Бишкекте «ишкерлик кылалы» деп 78 миң долларын алган шектүү из жашырган

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-декабрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ушул жылдын июнь айында Бишкектин 12-кичи районунда анын ишенимине кирип, «бирге ишкерлик кылалы» деп 78 миң долларын алып, из жашырган адамга чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жаран аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.