Бишкекте инспекторду капотунда сүйрөгөн айдоочу. Окуя боюнча милиция үн катты (видео)

Бишкекте таксист Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун капотунда сүйрөгөн бойдон унаасын айдаган. Видеону окуянын күбөсү соцтармактарга жарыялаган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кайгуул кызматынан окуя тууралуу маалымат беришти.

«Бүгүн, 18-ноябрда саат 11:30 чамасында Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей каршылык көрсөткөнгө аракет кылган. Азыркы учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан Октябрь РИИБге жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.