Бишкекте изделип жаткан жигиттин жансыз денеси капчыгайдан табылды. Аны унаа үчүн өлтүрүп коюшкан

Башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-октябрда саат 10:00 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгына учураган ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаа табылган. Башында айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдор болгон. Унаа тоодогу дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган. Ичинен жаш жигиттин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда милиционерлер жолдо жол кырсыгынын издери болбогондуктан, бул күндөгүдөй кырсык эместигин байкашкан. Бул жасалма жол кырсыгын атайылап уюштуруп коюшу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзгөн соң, жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал дайынсыз жоголгондордун бири катары эсептелген Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 2001-жылы туулган жигит болуп чыккан. Топтолгон материалдардын негизинде Токтогул РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Ушул учурда Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп келген. Свердлов РИИБге шаардын тургуну кайрылып, дайынсыз жоголгон уулун таап берүүнү суранган. Туугандарынын сөзү боюнча жаран 20-октябрда үйүнөн өзүнүн Тойота Кроун үлгүсүндөгү унаасы менен чыгып кетип, кайтып келген эмес. Ал кийим тигүүчү цехте иштеп жүргөн. Ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаранга тиешелүү болгон Тойота Кроун үлгүсүндөгү унааны белгисиз адам башкарып бара жаткандыгын аныкташкан. Милиция кызматкерлерине соода комплексинде иштеген Чүй облусунун тургуну 1998-жылы туулган жаран бул унааны бир күн мурда сатып алганын айткан. Аны милиция бөлүмүнө алып барып суракка алышкан. Анын айтымында, 21-октябрда түндө социалдык тармактарда Тойота Кроун үлгүсүндөгү унааны тез арада сатуу боюнча жарнакты жарыялашканын көргөн. Андан соң ал телефон чалып, сатуучуга жолугуп, унааны шашылыштан улам 8700 долларга баалашкан. Бирок ишеним кат берилген эмес. Ал кайра сатып алган унаасын сатмакчы болуп, жарнакты кайра жайгаштырып койгон. Мурда соттолгон жарандын изине түшүшкөн. Ал Кадамжай районунун тургуну 1993-жылы туулган жаран экени аныкталып, аны Бишкек шаарынын аймагынан кармашкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, анын өзгөчө оор кылмышка катыштыгы бар. Ал алдамчылык жолу менен унааны ээлеп алып, атүгүл башкаларга сатууга да үлгүргөн. Андан соң, унаанын акчасын төлөп берүүнү убада кылып, жигитти ээн жерге азгырып кеткен. Жолдо анын денесине залал келтирип, Чычкан капчыгайында кылмыштын изин жашыруу максатында унааны сайга түртүп, кырсыкка учураткан. Аныкталгандай, Чычкан капчыгайында табылган ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаа шектүүгө тиешелүү. Ал бул унааны жабырлануучуга тиешелүү болгон унааны саткан акчага алган.

Тергөөгө бул оор кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоого туура келген. Шектүү башка мамлекеттин аймагында дагы ушундай эле кылмышты жасаган деп шектелүүдө. 2021-жылдын июнь айында Москва шаарынын аймагындагы Никитинская көчөсүндө токтоп турган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасы табылган. Арткы отургучтан белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Андан соң аялдын аты-жөнү такталып, ал Орусиянын жараны, Кыргызстандын тургуну 1977-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал 2021-жылдын январь айынан бери дайынсыз болуп жатканы белгилүү болгон. Ишти Москванын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы карап жатат. Тергөө иш-чаралары Кыргызстандын аймагында да жүргүзүлгөн. Бул кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери жогоруда аталган жаранды Баткен районунун аймагынан кармашкан. Бирок далилдер жетишсиз болгондуктан (эксперттик изилдөөлөр толук эмес) иш бүтпөй калган.

Учурда жаран Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүп берилди. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.