Бишкекте издөөдө жүргөн жаран видео камералардын жардамы менен кармалды

Бишкек шаарында ИИМдин кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыштар, анын ичинде оор кылмыштары үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан ага карата уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоо айыбы коюлган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Издөөгө жарыяланган жаран ички иштер органдары колдонуп жаткан заманбап технологиялардын жардамы менен кармалды. Ошентип, 6-январь күнү, жүзүн таануу камералары издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаранды таанып, ал жаран өз мамлекетинде бир нече кылмыштар, атап кетсек Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси «уурдоо», 131-беренеси «зордуктоо», 327-беренеси «жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасоо, даярдоо же жүгүртүү» менен жоопко тартылып, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалганы такталган. Ал жаран Алтай аймагы боюнча Орусиянын Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланган.