Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ушул жылдын ноябрынан бери издөөдө жүргөн 35 жаштагы жаран кармалды. Ал Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде соттолуучу болуп эсептелет. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал алдын ала тергөө органдарынан жана соттон качып кеткендиктен, ага сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо менен издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.