Бишкекте издөөгө алынган 20 жаштагы кыз кармалды

Издөөгө алынган кыз киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 22-майда болжол менен кечки саат ондо кыз киши Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү имаратка кирип, сейфтен 50 миң сом жана 30 миң сомдук уюлдук телефон уурдап кеткен. Бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталган.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Д.А.ны кармап, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Кийинчерээк сот аны камактан чыгарган.

Бирок шектүү сот отурумдарына келбей койгон. Ага байланыштуу шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, кайрадан камакка алуу үчүн издөөгө жарыяланган.

№3 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Д.А.ны кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.