Бишкекте жабырлануучунун 1400 долларын жана 52 миң сомун уурдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте жабырлануучунун 1400 долларын жана 52 миң сомун уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 25-декабрында милицияга Э.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Бишкектин Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан белгисиз адам 1400  долларын жана 52 миң сомун уурдап кеткенин айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, мурда соттолгон 2003-жылы туулган Н.М. аттуу шектүү кармалган. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү башка бир катар кылмыштарга катышы бар экендиги аныкталган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандар же маалыматы бар жарандар төмөнкү телефон номерлер аркылуу (707) 707776, (705) 070808 же 102 номерине кабарлаңыздар», — деп суранат милиция.