Бишкекте жана Жалал-Абадда иске ууланып эки адам каза тапты

Бүгүн, 4-январга караган түнү Бишкек менен Жалал-Абадда 2 адам иске ууланып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Ордо калаанын Ак-Бата конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 23: 38де чектөөгө алынып, саат 23:58де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн аянты 30арчы метрлик болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган устундары, рейкасы, диван жана төшөнчүлөрү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1975-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып, каза тапкан. Өрттүн себеби такталууда.
4-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Сузак райондук N65 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 06:12де чектөөгө алынуу менен 07:01де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 54 чарчы метрлик шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1971-жылы туулган эркек киши иске ууланып, каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.