Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 22:02де Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, №5 ӨКБдан 2,  №8 ӨКБдан автошаты жана штаб тартылган.

Саат 22:23тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды. Жалпы 4 күжүрмөн эсеп жеринде өрт өчүрүшүүдө.