Бишкекте жаран 90 миң долларын алдатып жиберген. Шектүү кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

1-февралда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын июнь айында Каралаев көчөсүндө жабырлануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен объект курууга инвесторлорду тартуу шылтоосу менен 90 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган. Андан кийин ал белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.