Бишкекте жаран Айфон 14 алуу үчүн алдамчылыкка барган

Октябрь РИИБ тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти.

7-июнда милицияга жаран кайрылып, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен электрондук төлөм квитанциясын жасалмалоо жолу менен 88 миң сомдук iPhone 14pro маркасындагы уюлдук телефонун алганын билдирген. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Ал эми Октябрь райондук соту аны 2 айга камакта калтырган. Шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.