Бишкекте жаран жубайы уурдалганын айткан. Шектүү кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-мартта милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Калыс-Ордо жаңы конушунда жубайын унаага салып уурдап кеткендерге чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча адам уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.